Машинанын ичинен

Википедия дан

"Машинанын ичинен" (англ. Ex Machina, орус. Из машины) — 2015-жылы жарык көргөн илимий фантастикалык психологиялык триллер. Сценарийин жазган жана режиссеру Алех Гарланд (режиссердук дебюту). Тасмага тартылгандар Доналл Глисон, Оскар Айзэк жана Алисия Викандер. Тасма көрармандарды өз жетекчиси тарабынан роботтун жасалма акылын текшеришүүгө Түриң тестин өткөрүш үчүн чакырылган программисттин окуясына жетелейт.

15 млн долларга тартылган кинотасма дүйнө жүзү боюнча 36 млн доллар топтогон жана киносынчылардын оң баасына татыган. АКШнын Улуттук киносынчылар кеңеши фильмди ошол жылдын эң мыкты он тасмасынын бири деп тапкан. Ошондой эле 88-Оскар сыйлыгында тасма "Эң мыкты визуалдык эффекттер" (сүрөтчүлөр Эндрю Уайтхерст, Пол Норрис, Марк Ардингтон, Сара Беннетт) номинациясы боюнча жеңишке жеткен. Гарланд Оскардын "Эң мыкты сценарий" сыйлыгына көрсөтүлсө, Викандердин мактоого татыган ролу БАФТА, Алтын глобус, Империя жана Сатурн сыйлыктарына көрсөтүлгөн жана бир нече киносынчылардын "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" сыйлыгына ээ болгон. Тасма андан ары БАФТАнын "Эң мыкты британ тасмасы" жана Хуго сыйлыгынын "Эң мыкты коюлган тасма — узун формат" номинацияларына көрсөтүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]