Машина сыноо станциясы

Википедия дан

Машина сыноо станциясы - айыл чарба машиналарын, курал-шаймандарды сыноо боюнча илимий мекеме.

Станциянын негизги максаты — тракторлор менен машиналарды мамлекеттик сыноодон өткөрүү жана аларды массалык түрдө чыгарууга сунуш берүү. Машина сыноо станциясы жылына машинаны техникалык талапка ылайык заводдун кепилдик мөөнөтүндө ремонтсуз иштөөсүн текшерүү үчүн контроль сыноодон өткөрөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.