Мбоши (эл)

Википедия дан
Мбоши

Мбоши жоокери
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 270 миң адам
 Конго Республикасы

Тили

мбоши

Дини

католицизм,
жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

 кирет

бантулар

Мбо́шиКонго Республикасындагы эл. Конго дарыясынын орто агымында жана анын куймаларынын Ликвала жана Алим өрөөндөрүндө жашашат[1].
Мбоши эли субэтникалык топтордон (мбоши, мбоко, аква, ангаре, квала, куба) турат.
Жалпы саны 270 миң адам.

Тил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мбоши тили банту уясынын курамына кирет.

Дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көпчүлүк католиктер. Кээ бирлери жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат.

Коом[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги социалдык бирдик чоң үй-бүлөлүк жамаат болуп саналат. Туугандык эсеп матрилинейлик, көп аялдуулук өнүккөн.

Чарбалык иштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мбошилердин негизги кесиби — кол менен иштетилген тропикалык жер чарба (маниок, ямс, батат, таро, банан). Аны негизинен аялдар жүргүзүшөт, чарбалык жер тилкелерде, сазду ойдуңдарда, дүң кыркаларды талаага колдонушат, жашыл жер семирткичтерди чачышат.
Жыйноочулук (кола жаңгагы, жапайы майлуу пальманын мөмөсү) жана балык уулоо (дарыяда) өнүккөн.

Турак жай[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мурда чачыранды конуштар басымдуулук кылса, азыр дарыялардын жана жолдордун жээгинде жайгашкан, төрт бурчтуу жайгаштырылган компакттуу айылдардын саны көбөйдү. Алардагы үйлөр фасады менен борбордук аянтты карайт. Айылдарда эркектердин үйлөрү бар. Турак-жай планы боюнча тик бурчтуу, каркас дубалдары таякчалар менен өрүлгөн жана пальма жалбырактарынан жасалган бийик чатыры бар.

Тамак-аш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Салттуу тамак — ботко, маниоктун камыр сымал пасталары, банан, мөмө-жемиш жана жашылча татымалдары, балык.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Мбоши

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]