Мверу

Википедия дан
Мверу.

Мверу, Моэро – Африкадагы көл. Конго Демократиялык Республикасы менен Замбиянын чек арасында. Деңиз деңгээлинен 917 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 5,1 миң км2, узундугу 130 км, туурасы 40 км, тереңдиги 9–15 м. Луапула дарыясы куюп, Лувуа дарыясы (Конгонун куймасы) агып чыгат. Балыкка (70тен ашуун түрү бар) бай. Кеме жүрөт. Башкы пристандары: Кильва, Пвето (Конго). 1867-жылы Д. Ливингстон ачкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]