Мегалит курулуштары

Википедия дан

Мегалит курулуштары (мега… жанa гр. lithos — таш) — чала сомдолгон же сомдолбогон эле чоң таштардан салынган курулуштар, археологиялык эстеликтер. Мегалит курулуштарына дольмендер, менгирлер, кромлехтер, мазарлар, таш үкөктөр кирет.

Мегалит курулуштары дүйнө жүзүнө (Австралиядан башка) кеңири тараган. Ал Европада энеолит менен коло доорунда (б. з. ч. 3—2-миң жылдык), Англияда неолит доорунда салынган. Мегалит курулуштарынын көбү мүрзө катары пайдаланылган. Мегалит курулуштары жамаат курулуштары да болушу ыктымал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.