Медеров Эрмамат

Википедия дан

Медеров Эрмамат 1910-жылы азыркы Сузак районунун Кызыл-Кыя айылында туулган.

  • Эмгек жолун 15-16 жашында темир жол мекемесинде иштөөдөн баштайт.
  • 1926-жылдан баштап ички иштер бөлүмүнө которулуп катардагы милиционер болуп иштейт.
  • Катардагы милиция кызматкеринен бөлүм башчысына чейин көтөрүлөт.
  • 1938-1940-жылдары Фрунзе шаарындагы ИИМнин алдындагы Областтар аралык атайын мектебинде окуган.
  • Ошону менен катар Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун биринчи чакырылышынын депутаты болгон.
  • Согуш мезгилинде бир топ татаал мамлекеттик кызматтарда эмгектенип келген.
  • Бир нече мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
  • 50 жылдан ашуун мезгилде советтик, партиялык, мамлекеттик кызматтарды аркалап, Кыргыз Республикасынын өсүп-өнүгүүсүнө өз салымын кошкон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3