Медөө

Википедия дан
Топтуу хоккей 2011.
Конькокачуу спортту, 2017 Кышкы Универсиада.

Медөө, Медео - Иле Ала-Тоонун түндүк этегиндеги спорт комплекси, СССР конькичплеринин базасы болгон.

Медео Алматыдан 18 км. түштүк тарапта, деңиз деңгээлинен 1691.2 метр бийиктикте. 1972-ж. салынган. Мурда бул жерде (1951-65, 1968-70) муз талаасы болгон. Медеонун аба ырайы атмосфера басымынын төмөндүгү, шамалдуу күндөрдүн аз болушу ж. б. табигый шарттар муз тебүүгө ылайык болгондуктан бул жерде бар 8 ай бою спорттун түрлөрү (мотоцикл жарышы, хоккей ж. б.) боюнча мелдеш өткөрүүгө болот. Көрүүчүлөр трибунасына 10 миң ки­ши батат.

Жасалма муздун аянты 10 мин м/кв. тондургуч агрегатынын кубаты 5 млн ккал/с. 1975-ж. Медео куруулушунун долбоорун түзгөндор, архитекторлор. курулушчулар (10 киши) СССР мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.