Мейманалиев Тыныбек

Википедия дан

Мейманалиев Тыныбекжазуучу. Манас районунун Покровка айылында 1961-жылы 27-ноябрда туулган.

Эмгек жолун 1979-жылы Тоң районунун Пионерлер үйүнүн «Жаш техник» секциясынын жетекчиси болуп иштөө менен баштаган.

1980-1984-жж. Бишкек гуманитардык университетинин орус тили жана адабияты факультетинен билим алган.

1984-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кызыл-Эшме айылында мугалим, 1985-1986-жж. Советтик Армияда кызмат өтөп, 1986-1988-жж. Бишкек гуманитардык университетинде орус тилин жана адабиятын окутуу усулдук кафедрасында мугалим, 1988-жылы Талас облусунун Манас райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор, методист, Кызыл-Жылдыз орто мектебинде директор, 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштардын иштери боюнча комитеттин жетектөөчү адиси, 1995-2001-жж. «Туран» ЖЧКсынын генералдык директору, 2001-2005-жж. «Бийиктик» басмасында редактор, 2006-жылы «Жайсэл» компаниясын жетектеген.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Айылдык билим берүү» долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен кыргыз мектептеринин 7-классы үчүн «Русская литература» окуу китебин (73 676 экз.) жана мугалимдер үчүн Усулдук колдонмону (7 680 экз.) иштеп чыккан.

2008-жылдан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Окуу китептерин чыгаруу бөлүмүндө жетектөөчү адис, Республикалык Илимий-усулдук кеңештин жооптуу катчысы болуп эмгектенүүдө.

Мелис Абакировдун «Каражолтой» повестин, Сардалбек Боталиевдин «Жүрөктөгү так» жыйнагын, Жыпар Исабаеванын «Махабат мазары», Жумадин Кадыровдун «Бүбү Мариям» баяны ж.б. чыгармаларын орус тилине которгон.

Азыркы учурда «Потомок императора» романы (Александр Македонский – Искендер Зулкарнайдын өмүрү жана падышалык ишмердигине байланыштуу интерпретациясы) Мырзаян Төлөмүшевдин котормосу боюнча кыргыз тилинде басып чыгарууга даярдаган.

«Потомок императора» романы Эл аралык «Русская премия» (Россия, Москва) 2009-жылдагы сынагынын «Ири проза» номинациясына жөнөтүлгөн.

2010-жылдын январь айында биринчи номери жарыкка чыккан «Кыргыз тили жана адабияты» илимий-усулдук журналдын негиздөөчүлөрүнүн бири жана редколлегия мүчөсү.

2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сырттан: Повесть. - Б.: Бийиктик, 2005, 2009. - 80 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Потомок императора: Роман. - Б.: Бийиктик, 2008. - 214 с.
  • Русская литература. - Б.: Салам, 2009. - 184 с.
  • Методическое пособие для учителей. - Б.: Салам, 2009. - 180 с.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]