Мексика бою ойдуңу

Википедия дан

Мексика бою ойдуңу — Түндүк Американын түштүк-чыгышында, АКШ менен Мексикада. Мексика булуңун жээктей созулуп, түндүк-чыгышында Атлантика бою ойдуңуна туташып, жалпы Жээк түздүктөрү деп аталат. Туурасы 350 кмге чейин. Нефть жана газ кендерине бай (Мексика булуңу нефть-газдуу бассейни) деңиздик чөкмө тектерден (калыңдыгы 6000–10 000 м) турат. Жеринин бети түндүктү карай 150 м бийиктикке чейин акырындап көтөрүлүп, бири-бирине жарыш жаткан бир нече куэста жалчаларын пайда кылат. Ойдуң аркылуу ири дарыя өрөөндөрү (Миссисипи, Алабама, Бразос, Рио-Гранде) өтөт. Жээктеринде лагуналар жана эстуарийлер бар. Климаты субтропиктик, түштүк-батышында тропиктик. Жылдык жаан-чачыны батышында 600–800 мм, чыгышында 1200–1500 мм. Ойдуң3дун 1/3 бөлүгүнөн ашыгын мырза карагайлуу жана аралаш токой ээлейт; батышына саванна мүнөздүү. Гозо, тамеки, бал камыш өстүрүлөт. Ири порт шаарлары: Жаңы Орлеан, Хьюстон (АКШ), Тампико, Веракрус (Мексика).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]