Меласса

Википедия дан
Меласса.

Меласса, мелясса (фр. melasse) — кант чыгаргандагы калдык.

Ал күрөң түстүү, бөтөнчө жыты бар, коюу суюктук.

Меласса — углеводдуу тоют.

Химиялык составында 20—25% суу, 9% про­теин, 58—60% углеводдор, көбүнчө кант, 7—10% күл бар.

Ар 100 кг М-да 75,5 тоют бирдиги жана 5 кгча сиңимдүү протеин, 300 г кальций жана 30 г фосфор болот. Мелассаны беруу нормасы малдын түрүнө, жашына жана рациондун составына жараша чектелип, айрыкча саманга же сапаты начар чөпкө кошулат. Тоюттун составындагы протеинди байытуу иретинде кар­бамид да аралаштырылат.

Меласса кесек тоюттун даамын жана жегиликтүүлүгүн жогорулатат. Саан жана бордоку бодо малга күнүнө 1,5—2 кг, майда жандыкка 0,4—0,5 кг (100 кг тирүү салмак) берилет. Меласса тоютту гранулдоодо да пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.