Мендебаиров, Кенжекул

Википедия дан

Мендебаиров Кенжекул (7.11.1946-ж. т., Жумгал району, Кайырма айылы) — артист, обончу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1986).
1970—78-ж. Жумгал районндук маданият үйүнүн артисти, «Бекбекей» ыр-бий ансамблинин солист-бийчиси, 1978—93-ж. Нарын облустук М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрынын, 1993-жылдан Кыргыз мамлекеттик жаштар театрынын артисти.
Аткарган ролдору: Тихон («Добул», А. Островский), Эдгар («Король Лир», У. Шекспир), Свидригайлов («Кылмыш жана жаза», Ф. М. Достоевский), Акоп («Ханума», Цагарели), Пазилахун («Бир каттын сыры», Ш. Эсенгулов) жана башка 50дөн ашык образдарды жараткан.
80ден ашык обону бар. Белгилүүлөрү: «Сыргажан», «Бир кызга», «Туулган жерди сагынуу», «Карап турдум караан үзгөн жолуңду» жана башка. Бир нече спектаклдердин музыкасын жазган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.