Менделеев кырка тоосу

Википедия дан
Түндүк Муз океан.

Менделеев кырка тоосу - Түнүк Муз океандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан суу астындагы кырка тоо.

Врангель аралына жакын жерден Ломо­носов кырка тоосунун борбордук болугунө чейин 1500 км аралыкта созулуп жатат. Тоонун кырынан суунун үстүңкү бетине чейинки эң тайыз жер 1500 м чамасында. Кырка тоону 1949-ж. советтик аба экспедициясы ачкан. Д. И. Менделеевдин ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.