Мерседес-Бенц
Jump to navigation
Jump to search
Мерседес-Бенц (Мюнхен).
Мерседес-Бенц – германиялык жеңил, жүк ташуучу ж. б. автомобиль транспорттун чыгаруучу дүйнөгө таанымал автоконцерн[1].
1871-жылы негизделген. Негиздөөчүлөрү – Карл Бенц, Готлиб Даймлер жана Вильгельм Майбах. 1926-жылдан ГФРдеги «Даймлер-Бенц» концерни же Daimler AG компаниясынын филиалы (1956-жылдан) чыгарган автомобилдердин жана автобустардын маркасы. Автомобилдеринин кыймылдаткычтарынын кубаттуулугу 250–600 л/сек, ылдамдыгы 230–320 км/саат ж. б. Автоконцерндин штаб квартирасы Штутгарт шаарында жайгашкан. Дүйнө боюнча машина куруу ишканаларынын ичинен 2орунда. 2010-жылы компаниянын бренди 25 млрд долларга бааланган.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7