Метагалактика

Википедия дан
Hubble Ultra Deep Field — «Хаббл» спутнигинен тартылган. Оң жакта — Галактикалардын чоңойтулган сүрөттөрү.

МетагалактикаГалактиктер да жылдыздар сыяктуу топ бонча жайгашканы байкалат. Алсак, биздин Галактика Чоң жана Кичи Магеллан булутчаларынан жана 20га жакын Галактиканын жандоочуларынан турган системаны түзөт. Алар эселенген галактиктер болуп, өз айланасындагы бир нече жандоочулары менен бирге Андромеда тумандуулугун камтыйт.

Биздин Галактика жана Андромеда тумандуулугу галактиктердин жергиликтүү тобун (системасын) түзүп, өлчөмү миңдеген парсекке барабар. Жергиликтүү топ өтө чоң эмес системаны түзүп, ага жүз жана миңдеген галактиктер кирип, галактиктердин топтолуштарын түзүшөт. Бизге жакын жайгашкан галактиктер топтошуулары Бийкеч топ жылдызына тушма-туш келип, жүздөгөн ири галактиктерди камтыйт. Бул Галактиктик система бизден 20 мпк аралыкта жайгашып, анын диаметри 6 мпкке барабар. Өтө ири Галактиктик топтошуулар Вероника түктөрү, Түндүк Таажы, Геркулес жана башка топ жылдыздарга туш келет.

Галактикадан тышкары астрономиялык байкоодон, диаметри 50 мпкке барабар болгон 10 миң чамасындагы Галактиктердин жергиликтүү жогорку топтошуулары бар экендиги аныкталган. Ал жогорку топтошуучу галактиктердин борбору Бийкеч топ жылдызына туш келет.

Андан тышкары бир нече ондогон Галактиктердин жогорку топтошуулары аныкталган. Алардын экөө бизге жакын жайгашып 100 мпк аралыктан орун алат. Ошентип Ааламдын курамына ар түрдүү убакыт деңгээлинде атом ядросунан баштап Галактиктердин өтө зор топтошууларына чейинки системалар кирет.

Метагалактика жана анын кеңейиши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

.

Азыркы астрономиялык байкоолордун жыйынтыгы бонча чексиз Ааламдын бир бөлүгү Метагалактика же биздин Аалам деп аталат. Биздин Аалам түшүнүгү жалпы Ааламдан айырмаланып азыркы мезгилдеги пайда болгон өтө кубаттуу телескоптор аркылуу байкоого мүмкүн болгон Ааламдын бир бөлүгү болуп эсептелет. Метагалактикадагы галактиктердин арасындагы мейкиндиктер да өтө сейректелген газ, аларды аралап өткөн космос нурлары, андагы гравитациялык жана электр-магниттик талаалар орун алган болот. Өтө алыскы метагалактикалык объекттерден жарык бизге миллиард жылда жетет. Азырынча бизге белгилүү болбогон башка дагы метагалактикалардын жашашы мүмкүн.

1929-ж. амерерикалык астроном Э. Хаббл кызыктуу законченемдүүлүктү ачып, көптөгөн галактиктердеги спектр сызыктары кызыл түстү карай жылышарын байкаган. Спектрлердин жылыш өлчөмү Галактиктердин бизден алыстап жайгашуусуна байланыштуу экени аныкталган. Бул кызыктуу физ. кубулуш кызыл жылыш деп аталат.

Астрономдор кызыл жылыш законченемдүүлүгүнүн негизинде, биз менен башка галактиктердин ортосундагы аралык үзгүлтүксүз чоңоюда болорун жыйынтыкташты. Натыйжада Метагалактиканы түзгөн бардык Галактиктер өз ара бири биринен алысташат. Мындан каалаган башка Галактикада жайгашкан байкоочу, биз сыяктуу эле кызыл жылышты көрүшү мүмкүн.

Метагалактиканын кеңейишинин ачылышы Метагалактика өткөн байыркы мезгилде башкача болуп, азыркы учурдагы абалы, көптөгөн убакыт өткөндөн кийин, ал дагы таптакыр башкача болорун далилдеди.
Кызыл жылыш бонча Галактиктердин алыстоо ылдамдыгы аныкталган. Кээ бир Галактиктердин алыстоо ылдамдыгы өтө жогорулап, жарык ылдамдыгына салыштырмалуу болгон.
Айрым учурда 250 000 км/секдан ашкан өтө жогорку ылдамдыкка бизден эң алыс аралыкта жайгашкан Метагалактикага кирген квазарлар ээ болушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек. Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов.