Металлотермия

Википедия дан

Металлотермия (металлдар жана термо...) — хим. активдүү металлдар­дын жылуулук бөлүп чыгаруу таасири менен металл бирикмелеринен (ме­талл кычкылдары, галлоиддери ж. б.) хим. таза металлдарды бөлүп алуу процесси.

Активдүү металл катары алюминий, магний, кремний ж. б. алынат. Металлотермия реакцияга катышуучу хим. активдүү калыбына келтирүүчү элементтерге жараша алюминотер­мия, магнитотермия, силикотермия ж. б. ден бөлүнөт. Металлотермия процессине окшош карботермия процессинде хим. активдүү элемент катары көмүртек (С) катышат. Металлотермия колдонулуучу жабдуулары боюнча төмөнкү процесстерге бөлүнөт: мешсиз процессте (алюми­нотермия) реакциянын жылуулугу металлдарды эритүүгө жетиштүү болгон учурда колдонулат; электр мештүү процессте жылуулуктун бөлүгү электр ысыткыч аркылуу берилет; вакуумдук процессте калыбына келтирүү учурунда тез бууланма ме­таллдарды вакуумда болүп алууга мүмкүндүк түзөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.