Металл келегейи ( дефекта)

Википедия дан

Металл келегейи (дефекта) — металл менен куймалардын түзүлүшүнүн жетилбестиги.

Металл келегейи алардын физ., хим. касиеттерин, мис., электр өткөргүчтүгүн жанa магнит өткөрүмдүүлүгүн, бекемдигин, тыгыздыгын, ийкемдүүлүгүн төмөндөтөт.

Металл келегейи атом масштабындагы, мис., кристаллдагы дислокациялар, вакансиялар ж. б. (Кристаллдагы дефектилер); андан ирирээги — кристалл блокторунун чегинде жанa анын бетинде пай­да болуучу субмикроскоптук жаракалар; андан да ири өлчөмдүүлөрү металлдар технологиясынын жеткиликтүү өркүндөтүлбөгөндүгүнөн жанa коп компоненттүү куймалардын технологиялуулугунун төмөндүгүнон пайда болуп, металлдын туташтыгын же бир тектүүлүгүнүн бузулушу бол­гон микро- жанa макроскопиялык келегейлер болуп бөлүнөт. Металл буюмдардагы жанa чала фабрикаттардагы келегейлер өлчөмү, жайгашуусу, табигый жаралышы боюнча бири бирпнен айырмаланат.

Алар металл эритүүдө, уютма алууда, басым менен иштетүүдө, термиялык, химия-термиялык, электр-химиялык жанa мех. иштетүүдө, ширетүүдө, каңдоодо, кадоодо пайда болот. Металлда мындай кемчилик болтурбоо, сапаттуу ме­таллды алуу үчүн металл технологиясын жакшыртуу жанa металл сапатын текшерүү ыкмаларын өркүндөтүү керек. Металлдын сапаты хим., спектрдик, рентген структуралык анализ жанa металлографиялык анализдер менен текшерилет. Акыркы жылдары буюмдарды, заготовкаларды бүлдүрбөстен, сапатын физ. ыкмалар менен текшерүүгө көп көңүл бурулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.