Металл эскиртүү

Википедия дан

Металл эскиртүү - бөлмө темп-расында узак сактоо (табигый эскиртүү) же ысытуу (жасалма эскиртүү) аркылуу металлдар менен куймалардын мех., физ. жанa хим. касиеттерин өзгөртүү.

Эгерде металлдьш же куйманын кристалл торчолору кандайдыр бир сырткы аракеттин (мис., чыңдоонун, сугаруунун, бир калыпта эмес ысытуунун же муздатуунун) натыйжасында деформацияланса Металл эскиртүү кубулушу пайда болот. Металл эскиртүү атомдун жылышына байланыштуу болгондуктан табигый Металл эскиртүү жай жүрөт да, бир топ жылдарга созулушу мүмкүн. Металл эскиртүү процессии тездетүү үчүн ысы­туу процесси колдонулуп, ысытууда атомдордун жылышы тездетилет.

Металл эскиртүүде металлдар бекем жанa катуу болуп, ийилгичтиги жанa илээшкектиги азаят, куймалардын отко жанa ысыкка чыдамдуулугу артат. Кээ бир учурларда Металл эскиртүү (мис., деформациялуу эскиртүү) металлдардын касиетине терс таасир тийгизет. Андай учурда Металл эскиртүү процессии токтотуу за­рыл.

Пайдалануу мезгилинде өлчөмү жанa формасы өзгөргөн тетиктер менен буюмдар (станоктун станинасы, өлчөгүч приборлордун негизи ж. б.) жасала турган материалдар эскиртилет. Металл эскиртүү металлдардын жанa куйма­лардын бекемдигин жанa отко чыдамдуулугун жогорулатыш үчүн пайдаланылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.