Метастронгилёз

Википедия дан

Метастронгилёз - чочколордун инвазиялуу ылаңы.

Ылаңдаткычы — гельминттердин жумуру курттар уруусуна кирүүчү Metastrongylus. Уз. i,5—5 см. Чочколордун кекиртегин, бронх ж-a бронхполдорун жабыркатат.

Бул дарт сөөлжанды тоют менен жегенде жугат. Ылаңга кобүнчө 6—8 айлык торопойлор чалдыгат. Торопойлор жөткүрүп, деми кыстыгат, өсүүсү токтоп, жүдөңкү тартат. Айрым учурда өлүм-житимге учурайт. Дары катары иод, дитразин, циана-цетогидразиддин суудагы эритиндиси колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.