Мечиев,Кязим Беккиевич

Википедия дан

Мечиев, Кязим Беккиевич (1859, Шики айылы, азыркы Кабарда-Балкар АССРп — 25. 3. 1945, Казак ССРи, Талды-Коргонго жакын жер) — балкар совет акыны.

  • Балкар адабиятын баштоочу. Кедей дыйкан үй-бүлөсүнөн.
  • Молдодон кат тааныган; фарс, араб, түрк тилдерин билгея. 1890-жылдан жаза баштаган.
  • Улуу Окт. рев-ясына чейинки ырларында акыбети кайтпаган сүйүү мотиви берилип, анын түпкү себепкери социалдык теңсиздик экени көрсөтүлөт («Зарлоо», «Кыз муңу» ж. б.), элди азатчыл күрөшкө үндөйт («Чындык», «Темир согом, ыр жазам»), Мечиевдин рев-яга чейинки чыгармачылыгында «Жарадар эчки», «Боз жигит»
  • Алар— гуманизм идеясына каныгып, чебер жазылган ырлардан. «Курал алгыла!» (1919), «Ынандым: жолу айкын большевиктин» (1919) сыяктуу ырларын­да жацы адамды дацазалайт.
  • Акын туулган Бабугент айлында Мечиевге эстелик коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.