Микрокатор

Википедия дан

Микрокатор - калибрдин жанa машинанын тетигинин сызыктуу өлчөмдөрүн салыштырма контакт ыкмасы менен ченегич прибор.

Микрокатордун өзгөртүп түзүүчү элементи (механизми) орто жери чыйралган тасма пружина чоюлганда белгилүү бурчка бурулуп, анын ортосуна бекитилген жебе да белгилүү бурчка жылат. Ченелүүчү узундук пружинанын бурулуу бурчуна түз пропорциялаш болот. Ченөө учурунда Микрокатор түркүкко бекитилет. Че­нөө чеги ± (4—300) мкм.

Микрокатордун ме­ханизми микатор, миникатор, оптикатор приборлорунда колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.