Микротолкундуу спектроскопия

Википедия дан

Микротолкундуу спектроскопия— толкун узундугу см жанa мм диапазондогу заттын спектрин изилдөөчү радиоспектроскопиянын бөлү­гү.

Бул диапазонго көпчүлүк молекулалардын айланма жанa айланма- инверсиялык спектрлери туура келгендиктен, аларды катуу заттарда жанa суюктуктарда байкоого мүмкүн эмес, ошондуктан Микротолкундуу спектроскопия көп учурда газдардын спектроскопиясы менен окшош болот.

Микротолкундуу спектроскопия - физ. жанa хим. изилдөөлөрдүн натыйжалуу методу. Молекулалардын айланма спектринин жыштыгын өлчөөдө алардын структураларын өтө тактыкта аныктайт жанa хим. байланышынын жаратылышын окуп үйрөтөт. Молекуланын жутулуу айланма спектри анын конфигурациясына көз каранды. Молекулалардын айланма спектринин теориялык эсептелген жанa экспериментте байкалган чоңдуктарын салыштыруу молекуланын конфигурациясын, байланыш узундугун жана алардын арасындагы бурчту аныктоого мумкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.