Микулин Александр Александро­вич

Википедия дан

Микулин Александр Александро­вич (1895 — 1985) — авиа. кыймылдаткычтар боюнча сов. конструктор.

  • СССР ИАнын акад. (1943), инженер-тех. кызматтын генерал-ма­йору (1943).
  • Социалисттик Эмгектин Баатыры (1940).
  • 1954-жылдан КПСС мүчөсү.
  • 1923-жылдан Ил. автомотор ии-тунда конст­руктор, 1925-жьтлдан башкы конст­руктор.
  • Анын АМ-34 авиац. кыймылдаткычы 1931-ж. сыноодон ийгиликтүү өтүп. 1937-ж. В. И. Чкалов жана М. М. Громов Түн. угол аркылуу АКШга учуп барган АНТ-25 самолётуна орнотулган.
  • 1939-ж. Микулиндин жетекчилиги менен түзүлгөн кыймылдаткыч МиГ истребителдерине коюлган.
  • Улуу Ата Мек. согуш жылдарында Ил-2 самолёттору жана катерлер үчүн кубаттуу кыймылдаткычтарды түзүүгө жетекчилик кылган.
  • 1943-жылдан авиац. кыймыл­даткычтар боюнча башкы конструктор. Ал ата мек. биринчи турбокомпрессорду жана өзгөрмө кадамдуу винтти, ар түрдүү турбореактивдүү кыймылдаткычтарды түзгөн.
  • СССР мамл. сыйл. (1941, 1942, 1943, 1946) лауреа­ты.
  • Үч Ленин ордени, башка 6 орден жана медалдар менен сыйланган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.