Милитаризм

Википедия дан

Милитаризм (фр. militarisme, лат. militaris которулганда – согуштук) — мамлекеттик идеология, саясий жана массалык психология, анын максаты башка өлкөлөрдү басып алуу менен өлкөнүн аскердик абалын кеңейтүү жана куралдануу.

Милитаризм тууралуу саясий пропоганда. 1917 жыл.

Милитаризмге жарыша куралдануу, аскердик бюджетти өстүрүү, чет мамлекеттерде өзүнүн аскерлеринин санын өстүрүү, агрессиялык согуштук-саясий блокторду (уюмдарды) түзүү, өлкөнүн экономикасында жана анын ички жана тышкы саясатында аскердик-өнөр жай комплексинин таасирин күчөтүү мүнөздүү. Милитаризм капитализм тушунда экономикалык саясий жана идеологиялык система катары калыптанган. Франция-Пруссия согушунан (1870–1871) кийин, айрыкча капитализм империалисттик стадияга өтө баштаганда (20-кылымдын башы) милитаризм мурдагыдан да кыйла күчөгөн. Буга өзгөчө капиталисттик өлкөлөр ортосунда карама-каршылыктын курчушу таасир эткен. Россиядагы революциянын (1905–1907) таасиринен революциялык жана улуттук-боштондук кыймыл кеңири кулач жайганда капиталисттик өлкөлөрдүн башкаруучу төбөлдөрү «ички душмандарга» каршы күрөшүү үчүн да милитаризмди күчөткөн. Биринчи дүйнөлүк согушка (1914–1918) 74 млн киши тартылган. Анда мамлекеттик-монополисттик капитализм менен бирге милитаризм да күчөгөн. Улуу Октябрь социалисттик революциясынын таасиринен чочулаган империалисттер бүтүндөй куралдуу күчүн Совет мамлекетине каршы багыттап, аны туш тарабынан кысып кирген. Бирок совет эли ал агрессиянын мизин кайтарган. Экинчи дүйнөлүк согуш (1939–1945) алдында дүйнөнү жаңыча бөлүштүрүүнү талап кылган өлкөлөрдө (Нацисттик Германия, Италия, Япония) милитаризм бөтөнчө күчөгөн. Согуштан кийин милитаризмди АКШ менен Улуу Британия кеңири колдонуп, өздөрү түзгөн агрессиячыл согуш блокторун (НАТО, СЕНТО, СЕАТО ж. б.) социалисттик өлкөлөргө жана көз каранды элдердин боштондук күрөшүнө каршы багыттаган. Алардын агрессиячыл аракети дүйнөдө согуш очокторунун чыгышына жана куралдуу кагылыштарга алып келген (мисалы, АКШнын Индикытайдагы куралдуу агрессиясы, Израилдин Египет, Сирия жана Иорданияга кол салышы). Экинчи дүйнөлүк согуштун аяк ташы менен милитаризмдин андан аркы өнүгүшү эл аралык кырдаалга зор таасир тийгизген. Кийин «кансыз согуш», «күч позициясы саясаты», «психологиялык согуш» ж. б. тышкы саясий пикирлер менен аскердик-саясий доктриналардын жайылышы милитаризмдин өөрчүшүнө өбөлгө түзгөн. Азыркы учурда милитаризмге жарыша куралдануу, мамлекеттик бюджетте согуштук чыгымдарды көбөйтүү, эгемен мамлекеттердин ички ишине куралдуу кийлигишүү, аскер өнөр жай күчтөнтүү кадимки көрүнүш болуп калды. Милитаризмдин активдүү улантуучусу катары эл аралык аренада экстремисттик, улутчул, террордук ж. б. мамлекеттик эмес көптөгөн уюмдар пайда болду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]