Минерал кебез
Көрүнүш
Минерал кебез — жылуулук от-көрбөс була түрүндөгү материал. Ал ичке, кыска, ийилгич, айнек буласы түрүндө болот.
Минерал кебезди көмүрдүн күйгөндөгү калдыгын (шлакты) жана тоо тектерин (чопо, доломит, мергель) же алардыи кошундуларын атайын меште эритип, ал көлкүлдок эритиндиден үйлөтүү жана борбордон четтөөчү күчтүн таасири менен чоюу аркылуу алынат.
Минерал кебезден кийиз, мата, такта, кабык, сегмент, минерал кебез аралашмалары даярдалат. Ал курулушта ири панелдүү конструкцияларда жылуулук жана үн өткөрбөө үчүн кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.