Миография
Көрүнүш
Миография (жанa ...графил) — булчуңдун жыйрылуу иш-аракетин жазып каттоо.
Булчуңдун жыйрылуусун графикалык жазуунун эц жөнөкөй жолу рычагдын бош учу менен кимографтын лентасына тийиштүү ийри сызыкты — миограмманы түшүрүү болуп эсептелет.
Булчуңдардын ишин мех. миографтан башка миограф менен жазат. Түрдүү миограф менен булчуцдардын изотониялык же изометриялык жыйрылуусун жазуута болот. Миография методун физиол. башка методдор менен айкалыштыруу булчуңдун жыйрылуу функциясынын негизги закон ченемин үйрөнүүгө мүмкүндүк ачты.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.