Мирзаматов

Википедия дан
Мирзаматов Рысбек Мамырович[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мирзаматов Рысбек Мамырович [13. 3. 1962, Ош облусу, Ноокат району, Баргы (мурунку Кыркол) айлы] – генерал-майор (2010). Россия колхозундагы К. Жакыпов атнындагы орто мектепти (1979), Ташкент шаарындагы (Өзбекстан) Жалпы командалык жогорку аскер окуу жайын (1983), КУУнун (Бишкек шаары) юридикалык факультеттин бүтүргөн (1997). Иолатан шаарында (Түркмөнстан, Мары облусу) взвод командири (1983–85), Афганстанда аскер кызматын өтөгөн (1985–86). Ош шаарындагы Тоолуу мотоаткычтар бригадасында рота командири (1986–87), Урал облусунда (Казакстан) Чапаев райондук (1988–90), Чаткал райондук (1990–91), Араван райондук (1991–93) аскер комиссарларынын орун басары. Араван райондук (1993), Кара-Суу райондук (1993–99) аскер комиссары. Ош облустук аскер дивизионунда штаб начальниги (1999), командирдин орун басары (1999–2002), Ош шаардык аскер комиссары (2002–06), Жалал-Абад облусунун аскер комиссары (2006–07). Россия Федерациясында Генералдык академиянын угуучусу (2007–08). КР Коргоо министринин орун басары (2008), Мамлекеттик чек ара кызматында төраганын орун басары (2008–11). Ош шаардык кеңешинин депутаты жана «Улуттар биримдиги» партиясында фракция жетекчиси, ошол эле учурда көпчүлүк коалициянын жетекчиси (2012). «СССР куралдуу күчтөрүнө 60 жыл» (1988), Эл аралык террористтерге каршы күрөшүүдө (1999–2000) «Эрдик» (1999), «Даңк» (2007) ж. б. медалдар менен сыйланган.