Михоэлс

Википедия дан

Михоэлс (өз фамилиясы—Вовси) Соломон Михайлович (4(16). 3. 1890, Двинск — 13. 1. 1948, Минск) — еврей совет актёру, режиссёр, педагог. СССР эл арт. (1939), проф. (1941). 1919-ж. Петроград еврей театр студиясына кирген.

  • Кийин студиянын базасында Москва еврей камера театры (1925- жылдан Москва мамл. еврей театры) тузулуп, адегенде актёр, режиссёр, 1929-жылдан көркөм жетекчи болгон.
  • Михоэлс түзгөн сахна образдары филос. тереңдиги, гражд. бийик сезимдуулугу менен айырмаланат.
  • Анын трагедия жаатынан таланты Лир (Шекспир, «Ко­роль Лир», 1935) менен сүт ташуучу Тевье (Шолом Алейхем, «Сут ташуучу Тевье», 1938) ролдорунда толук ачылган.
  • Михоэлстин режиссёрдук ишиндеги көрүнүктүү эмгеги еврей муз. фольклорунун мотивинде түзгон «Фрейлехс» спектакли (1945;
  • СССР мамл. сыйл., 1946).
  • Михоэлс Москва еврей театрынын окуу жайында сабак берген. Ленин ордени менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.