Миң-Куш көмүр кендери

Википедия дан

Миң-Куш көмүр кендери – Көк-Мойнок ойдунунун чыгыш тарабында, Нарын облусунун Жумгал районунда. Кен 4 участкага бөлүнөт: Тууракабак, Агулак, Батыш жана Чыгыш. 1962-жылга чейин Тууракабак, Агулак жана Сасыкташ өз алдынча кендер деп эсептелген. Сасыкташ азыр Агулак участкасына кирет.

Кен жөнүндөгү алгачкы маалымат 1915-ж. таандык. 1951–68-ж. Миң-Куш кендеринин тобунда чалгындоо жана көмүр казып алуу иштери жүргүзүлгөн. 1972–77-ж. Агулак жана Тууракабак участкалары чалгындалып, запасы бекитилген. 1989–91-ж. Батыш жана Чыгыш участкаларында издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүр төмөнкү юра катмарлары, тууракабак жана агулак свиталары менен байланышкан. Тууракабак жана агулак свиталарынын 8ден көмүр кабаты ажыратылган. Тууракабак свитасындагы 8 кабаттын ичинен 4 кабат (2+3, 5, 6, 7) өнөр жайлык мааниге ээ. Алардын орточо калыңдыгы 3,02–21,87 мге чейин өзгөрөт. Агулак свитасындагы линза сымал кабаттар айрым чакан аянттарда өнөр жайлык мааниде. Сапаты боюнча көмүр үчүнчү күрөң (3Б) маркасына кирет. Орточо күлдүүлүгү 12,20%тен 24,5%ке чейин өзгөрөт, күйүү жылуулугу 28,86 МДж/кг – (6894 ккал/кг) 29,49 МДж/кг (7045 ккал/кг). Агулак жана Тууракабак участкаларынын бекитилген жана 1997-жылга карата калган запасы В+С1+С2 категориясы боюнча 116300 миң т. Батыш жана Чыгыш участкаларынын 600 м тереңдикке чейинки запасы жана болжол ресурсу төмөнкүдөй: запасы С2 категориясы боюнча – 59186 миң т, ресурсу Р1+Р2 категориясы боюнча – 1 млрд. 748 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]