Молдалиев Абдысалам
Көрүнүш
Молдалиев Абдысалам (1920, Кызыл-Ой кыштагы -1996, ошол эле жер) - алгачкы агартуучу.
- 1958-ж. Фрунзе шаарындагы педагогикалык институттун филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.
- Эмгек жолун Суусамыр өрөөнүндөгү мектептерде мугалим болуп баштаган.
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
- Согуштан кийин Суусамырдагы «Тунук» мектебинде мугалим, директор болуп иштеген (1946-50).
- 1953-жылдан өмүрүнүн акырына чейин «Фрунзе» атындагы мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болгон.
- Ал «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган.
- Токтор уруусунан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9