Молдалиев Кеңешбек Кадырбекович

Википедия дан

Молдалиев Кеңешбек Кадырбекович (23. 2. 1936, Суусамыр өрөөнү -1996-ж., Бишкек шаары) - философия илимдеринин кандидаты.

Кыргыз Мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин (1969) жана аспирантурасын бүтүргөн (1971). Эмгек жолун 1953-ж. колхоздо ага чабандын жардамчысы болуп баштаган. Кийнчерээк Суусамыр орто мектебинде физика мугалими (1969-1974-ж.).

«Динамикалык жана статистикалык закондор, алардын философиялык мааниси» деген темада кандидаттык диссертация коргогон. Андан сон «Илимий техникалык өнүгүү учурундагы адам баласынын жаратылышты башкаруу жолдору» деген темада изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ал 9 монографиянын автору.

Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтунда философия кафедрасында иштөө менен бирге студенттер арасында философия боюнча илимий-изилдөө кружогун жетектеген.

Кружоктун мүчөлөрү Республикада жана Союздук деңгээлде өткөн коомдук илимдер боюнча конкурстарда дипломдорго жана грамоталарга татыктуу болушкан. 1974-80-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт, Фрунзе политехника институту.

1980-ж. Кыргыз Мамлекеттик медицина институтунда диалектикалык жана тарыхый материализм, илимий атеизм кафедрасынын доцент-окутуучу болуп эмгектенген. Андан соң Кыргызстан КП БКнын астындагы кечки марксизм-ленинизм университетинде жалпы физика, химия жана биология кафедрасында методологиялык семинарды жетектеген жана баштапкы партиялык уюмдун катчысы болуп эмгектенген. Өйдөчекти уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9