Молдо Асан Жанкелди уулу

Википедия дан

Молдо Асан Жанкелди уулу (1815, азыркы Кара-Буура району, Жийде айылы —1883, ошол эле жер) — Таластын Сары көбөн аймагындагы уруулардын беделдүү манабы. Уруусу кытай (төрдөш).

Чоң атасы Текеш да баатыр адам болгон. Молдо Асан кол алдындагы элине күйүмдүү болуп, элдин жыргалчылыгын көздөп, биримдикте болушуна аракеттенген. Кыргыз элинин башка элдер менен достукта болушуна өз салымын кошкон.
1867-ж. кыргыз өкүлү катары ак падыша Александрдын инауграциясына (Санкт-Петербург) катышкан. Кыргыз эли менен орус элинин байланышын күчөтүүгө өз улушун кошкон.
1874-ж. Чаткал өрөөнүндө Момун, Арыстан баштаган чоң көтөрүлүштү басыш үчүн Олуя-Ата уездинен жиберилген элчилердин эки жолку (июнь, август, 1874) тобуна кирип, иш ийгиликтүү чечилген. Көтөрүлүш басылган. Элди чыр-чатаксыз жашоого үндөгөн, уюштургуч адам болгон. Ал каза болгондон кийин жакын тууганы Ташкара (1865, ошол эле жер — 1931) болуш болуп, өз элин башкарган. Элди адилет башкарып, достугун чыңдоо менен элге кадыр-баркы мыкты болгон. 1916-жылкы Үркүндө Талас кыргыздарынын Кытайга качууга катышпай калышына чоң эмгек жумшаган. Молдо кармап, балдарды окуттурган. 1929-ж. кулак катары өз жеринен айдалып, 1931-ж. Оренбург аймагында кайтыш болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.