Молдустанов Токтор

Википедия дан

Молдустанов Токтор (1932-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - экономика илимдеринин кандидаты, профессор жана элге билим берүүнүн отличниги.

Фрунзедеги педагогикалык окуу жайын (1951) жана Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн (1957). Эмгек жолун 1946-ж. колхоздо жумушчу болуп баштаган.

Суусамырдагы Каракол негизги мектебинде мугалим (1951-52), Сокулук райондук билим берүү бөлүмүндө мектептер боюнча инспектор (1957-58), 1958-жылдын май айынан Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Экономика институтунда кенже, улук илимий кызматкер (1965-72) жана өнөр жайын эффективдүү жайгаштыруу бөлүмүндө сектор башчы, 1972-жылдан ошол эле институтта транспорт жана экономикалык байланыштар боюнча сектор башчысы, жетектөөчү илимий кызматкер болуп 2000-жылга чейин иштеп келди.

Ал республиканын экономикасынын өнүгүшүнө көп салым кошту. Республиканын экономикалык өнүгүүсүнүн схемасын түзүүгө (1966-70, 1971-80, 1990-2000 жана 2005-жылга чейинки) жана мындан сырткары илимий техникалык комплекстерди программалоого жана Кыргыз Республикасынын алгачкы атласын (окумуштуу С. Өмүрзаковдун жетекчилиги астында) түзүүгө катышкан.

Молдустанов - 70тен ашык илимий эмгектин автору. Көптөгөн союздук жана республикалык илимий жана илимий-практикалык конференциялардын катышуучусу болгон жана коомдуксаясий иштерге да активдүү катышып келген.

1948-57-жылдары Сокулук райком комсомолунун бюро мүчөсү, Кыргыз Республикасынын ИАнын Экономика институтунун профсоюз комитетинде мүчө, төрага, партбюронун орун басары жана катчысы болгон.

Академиянын алдындагы «Билим» коомунда төраганын орун басары, ревкомдун төрагасы, экономикалык советтин мүчөсү жана экономика институтунун эксперт боюнча комиссиясынын төрагасы болуп иштеген.

Учурда Баласагын атындагы мамлекеттик улуттук университетинин экономика кафедрасында профессор болуп эмгектенип келүүдө.

Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9