Молекулалык акустика

Википедия дан

Молекулалык акустикафиз. акустиканын заттын касиетин, молекулалык процессин кинетиканын акустикалык метод менен изилдөөчү бөлүмү.

Молекулалык акустиканын негизги методдору: үн ылдамдыгын жанa үндүн жутулушун өлчөө, бул чоңдуктардын түрдүү физ. параметрлерге (үн толкунунун жыштыгына, температурага. басымга ж. б.) көз карандысыздыгын аныктоо.

Молекулалык акустиканын методдору менен газ, суюктук. полимер, катуу зат жанa плазманын касиеттери изилденет. Үн ылдамдыгы боюнча катуу заттын кысылуу, жылуулук сыйымдуулуктардын катышын, серпилгич касиеттерин ж. б., ал эми үндүн жутулушу боюнча заттын илээшкектигинен жылышуу жанa көлөмдук мааниси релаксациясы ж. б. аныкталат. Газдарда үндүн ылдамдыгын жанa анын темп-рага көз карандыгын өлчөө аркылуу газ молекулаларынын кагылышкан кездеги өз ара аракеттенишин мүнөздөөчү параметрлер аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.