Молибден рудалары

Википедия дан

Молибден рудалары - составында казып жана болуп алууга арзырлык өлчөмдө молибден металлы бар минералдардын чогундусу.

  • Казылып жаткан кендердин рудасындагы молибдендин запасы бир нече миң тдан млн тга жетет. Эң ири кендердин рудасында молибдендин орт. саны 0,06— 0,3%, чакан кендерде 0,5—1%ке чейин. Башка рудаларда молибдендин саны 0,005 %тен жогору болсо, ал ко­шумча компонент катары иштетилип алынат.
  • Молибден рудалары эндогендик (тереңдиктеги) жана экзогендик (жер үстүно жакын) геол. шартта пайда болот. Эндогендик шартта пайда болгон рудалар скарн, грейзен, гидротерм кендеринде болот. Негизги руда минералы — молибденит [MoS2(Mo — 60%)], повеллит [СаМо04 (Мо —45%)]. Молибден рудаларында кошумча ком­понент катары жез, вольфрам, кумуш, бериллий, калай ж. б. кездешет.
  • Молибден рудаларынын пайда болушу интрузия тоо тектери менен байланыштуу. Жез-молибдендуу рудалар монцониттер, гранит-диориттер, гранит-сиениттер менен; жеке бир металлдуу молибден рудалары биотит-роговообманкалуу граниттер менен; вольфрам-молибден рудасы граниттер менен байланышкан.
  • Эк­зогендик шартта пайда болгон Молибден рудалары көмүрдө, көмүрлүү чоподо, кремнийлуу сланецте жана катуу нефть битумдарында кездешет. Бул кен рудаларында молибдендин саны аз, ал проценттин жүздөн же миңден бир бөлүгүн гана түзөт. Мындай кендер азырынча пайдаланылбайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.