Молукка аралдары

Википедия дан
Молукка аралдары.

Молукка аралдары (Moluccas, Maluku) – Малайя архипелагынын чыгыш бөлүгүндөгү аралдар тобу; Сулавеси жана Жаңы Гвинея аралынын аралыгында. Индонезиянын аймагы. Аянты 83,7 миң км2. Калкы 1,2 млн (2010). Негизги аралдары – Хальмахера, Серам, Буру. Аралдары тоолуу (Биная чокусу, 3019 м). Онго жакын аракеттеги жанартоо бар; жер титирөө болуп турат. Климаты экватордук, түштүгүндө субэкватордук. Жылдык жаан-чачыны 800–4000 мм. Аймагынын 80%тен ашыгын дайыма жашыл экватордук (пальма, фикус, дептерокарп, бамбук) токой ээлейт; 1200 м бийиктен жогору жалбырагы күбүлмө жана ийне жалбырактуу токой, түздүктөрүндө бадалдар, дарак сымал папоротниктер, иланг-иланг чөбү өсөт. Сачо жана курма пальмасы, жыпар мончок дарак, мускус жаңгагы, шалы, жүгөрү, жыттуу, калемпир жана башкалар. татымалдар өстүрүлөт («татымалдар архипелагы» деп да аталат.) Негизги порту – Амбон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]