Момо (тамак)

Википедия дан
Момо
тиб. མོག་མོག་
неп. म:म:
Файл:Momo101.jpg и Momo nepal.jpg
Соус кошулган момо
Тамактын улуттук ашканасы:

Тибет ашканасы
Бутан ашканасы
Непал ашканасы

Пайда болгон өлкөсү

border-none Непал

Курамы
Негизги курамы:

ун, суу

Кошумча курамы:

ачыткы, сода, эт, жер-жемиш , сыр, шоколад батону

Окшош тамактар

хинкали, манты, цзяо цзы, баоцзы, позы, подкогыльо, равиоли, чучвара, вареники, кропкакор

Momos
Момо-ча
Момо табагы

Момо (тибет. མོག་མོག་; Вайли: mog mog, непал. म:म:) — Тибет жана Непалдын камыр тамактарынын бир түрү. Бул тамак Тибет, Бутан, Непал, Сикхим, Даржелинг жана Ладакта көп жасалат. Ошондой эле Индиянын Ассам, Мизорам, Манипур, Нагаланд, Мегалая, Патна жана Батыш Бенгал штаттарындагы непалдык жана тибеттик диаспоралар жашаган жерлерде да белгилүү. Акыркы жылдарда Калькутта, Дели, Чандигарх ж.б. Индиянын шаарларынын көчөлөрүндө тез татым түрүндө сатыла баштаганы байкалат. Жалпысынан, момо монголдордун позы, азиялыктардын манты, орустардын пельмени (чүчпара) жана италиялыктардын равиоли сыяктуу тамактарына окшоп кетет.

Тибет тилиндеги mómo (馍馍) сөзү кытай тилинен өздөштүрүлүп алынган.

Жасалышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Момонун камыры ун жана суунун аралашмасынан жасалат. Айрым учурларда ачыткылар жана сода кошулат. Камырдын ичине курамы ар түрдүү азыктар салып бышырылуусу мүмкүн:

  • Эт. Тибет, Непал жана Түндүк-Чыгыш Индияда топоз, буйвол, тоок, эчки, чочконун эти көбүрөөк колдонулса, Ладакта кой жана топоздун эттерине басым жасалат. Фаршка пияз, сарымсак, туз, калемпир, зире жана искуш деп аталган татымал кошулат.
  • Жашылчалар же жашылчалардын эт менен аралашмасы. Жалаң гана жашылчалардан жасалган момолор Непалда жана Индияда популярдуу.
  • Бутан жана Сикхимде быштак кошуу салты да кеңири тараган.
  • Сникерс же Марс шоколаддары. Мындай таттуу момолор көбүнчө Непалга барган туристтерге арналып жасалат.


Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Момонун С-момо (C-momo), кати-момо (Kothey momo), момо шорпосу жана куурулган момо сыяктуу түрлөрү бар. С-момо пияз жана кызыл калемпир кошулуп даярдалып, чоң кеседе ысык түрүндө ичилет. Момо шорпосу эттин шорподо бышырылган түрү. Куурулган момо момо бышырылгандан кийин дагы бир жолу куурулуп салынат.

Караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]