Монгол феодалдык империясы
Монгол феодалдык империясы — Чынгызхан менен мурасчыларынын баскынчы согуштарынын натыйжасында 13-кылымдын 1-жарымында түзүлгөн мамлекет.
Чынгызхандын небереси Мункэ сураган тушта (1251— 59-ж.) Монгол феодалдык империясына Монголия, Түндүк Кытай, Корея, тангуттардын Си-Ся падышалыгы, Борбордук жанa Орто Азия, Закавказье, Иран, Афганистан аймагы жана орус жеринин кыйла бөлүгү кирген. Бирок Монгол феодалдык империясында ич ара биримдик жок болуп, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүнүн түрдүү баскычында турган ар кошкон элдер зордук менен бириктирилген. Анын үстүнө империяга караган элдин көбү коомдук өнүгүү деңгээли жагынан баскынчылардан жогору турган. Мункэ өлгөндөн кийин Монгол феодалдык империясынын кедери кете баштаган, андан адегенде Батыйдын (1236— 55-ж. сураган) жана Хулагу хандын (1256—65-ж. сураган) ээлиги белүнүп чыккан да, Монгол феодалдык империясынын ишине кийлигишпеген жана анын башкаруучуларын өздөрүнүн ишине кийлигиштирбеген оз алдынча мамлекеттерди (Алтын ордо; Хулагилер мамлекети) түзгөн.
Мункэнин ордун баскан бир тууганы Хубилайдын тушунда монгол феодалдары бүт Кытайды каратып, Хубилай менен анын мурасчылары Юань империясын түзгөн. Көтөрүлгөн эл баскынчыларды, 1368-ж. монгол бийлөөчүлөрүн Кытайдан кууп чыккан. Куликов салгылашы (1380) монголдордун Рустагы эзүүсүн жоюуга жол ачкан. 14-кылымдын 2-жарымында Иран, Закавказье жана О. Азияда монгол үстөмдүгү кулап, ошол кылымдын акыркы чейрегинде Монгол феодалдык империясынын күчү бүткөн.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.