Батый

Википедия дан

Батый, Бату, Саинхан - (1208-1255) моңгол ханы. Жучунун экинчи баласы, Чыңгыз хандын небереси. Атасы каза болгондон кийин Батый анын жерлерин ээлеп калат, кийин Чынгыз хан аны Жучу улусуна хан кылып дайындайт (1227). Руска жана Чыгыш Европага жасаган жүрүштүн уюштуруучуларынын бири (1236-1241). Кыпчак талаасын, Волгалык Болгарияны жана Русту каратып (1236-1240), Чыгыш Европага жортуул жасайт. Чыгыш Европа (Польша, Чехия, Венгрия, Далмация) элдеринин жана тылдагы орус элинин каршылык көрсөтүүлөрү аны шашылыш чегинүүгө аргасыз кылган. 1241-ж. Үгөдөй хандын өлгөндүгүн угуп, Батышка жасаган жүрүшүн токтотот да, улуу ханды шайлоого катышуу үчүн Моңголияга кайтып келет. 1243-ж. Батый Волганын төмөнкү агымында борбору Сарай-Бату болгон Алтын Ордо мамлекетин негиздейт. Анын аймагы Иртыштан Дунайга, Уралдын түштүгүнөн Түндүк Кавказга чейин созулган. Батый Моңгол империясындагы төңкөрүшкө катышкан (1251) жана Муңкенин улуу империяга хан болушуна чоң көмөк көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4