Жучу Улусу

Википедия дан

Жучу Улусу – түрк–моңгол урууларынын орто кылымдардагы мамлекети. 1224-ж. Моңгол мамлекетин бөлүшкөн учурда Чыңгыз хандын улуу Жучунун энчисине тийген. Иртыш дарыясынан Урал тоолоруна, батышы «моңгол атынын туягы тийген жерге чейинки» жерлер, түштүгү Чагатай улусу м-н чектешкен аймак. Батый хандын Чыгыш Европага жасаган жортуулунан кийин Жучу Улусунун аймагы бир кыйла кеңейген. 13-кылымдын орто ченинде Жучу Улусу Моңгол мамлекетине көз каранды болбой калган. Калкын негизинен түрк тилдүү элдер түзгөн. Бул улустун аймагында кыпчак тилдүү элдердин (башкыр, казак, ногой, каракалпак) этностук калыптануусунун алгачкы этабы жүргөн. Жучу Улусун 15-кылымда Тимурийлер мамлекетин талкалаган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз Тарыхы.Энциклопедия". Бишкек 2003.