Угедей

Википедия дан

Угедей, Өгөдөй, Үгөдөй, Угэдэй (1186–1241) – моңголдордун экинчи улуу ханы (1229–41); Чыңгыз хандын үчүнчү уулу жана мурасчысы. Орто Азияда Чагатай менен бирге Отрарды басып алган. 1224-жылы жер бөлүштүрүүдө атасынан Батыш Моңголияны, Чыгыш Түркстанды жана 28 миң атчан аскер алган. Атасы өлөр алдында аны өз ордуна дайындаган. 1235-жылы Үгөдөй уюштурган курултайда Волга боюна, Дешти Кыпчак, Россия жана Түштүк Европага жүрүш жасоо жөнүндө чечим кабыл алынган.

Ошол эле жылы Тулуй жана Жебе менен бирге Түштүк Сун мамлекетин кыйроого учураткан. Анын бийлигинин убагында кат-кабар ташуу кызматы (ян) киргизилген, эл каттоо жүргүзүлгөн жана Каракорум шаарынын курулушу аяктаган. 1236-жылы Үгөдөй жерди үлүшкө берүү системасын бекиткен. Кийинки реформаларында моңгол аскер башчыларынын ашкере укуктары чектелген жана салык жөнгө салган. Үгөдөйдүн ордосу Тарбагатайда, Эмил жана Кабук дарыяларынын жээктеринде жайгашкан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]