Монизм

Википедия дан

Монизм (грек тилинен келген monos – бир, жалгыз), бүткүл бар болгондун негизинде бир башталыш бар деген философиялык окуу. Материалисттер дүйнөнүн башталышынын негизи материя дешет. Идеалисттер дүйнөнүн, кубулуштардын бир башталышын Рух, идея деп таанышат. Идеалисттик Монизм багытынын эң эле ырааттуусу Гегелдин философиясы. Илимий жана ырааттуу улантылган материалисттик

Монизм – диалектикалык материализм, ал дүйнөнүн табияты боюнча материалдуу, бүткүл кубулуштар кыймылдагы материянын ар кандай түрлөрүн түшүндүрөт. Марксизм философиясында – материализм коомдук кубулуштарга жайылтылат. Монизимдин карама-каршысы дуализм.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]