Мораль

Wikipedia дан

Мораль(лат. moralis – адеп-ахлак) – коомдук аң-сезимдин бир формасы, коомдук турмуштун эч бир мейкиндигин калтырбай адамдардын жүрүм- турумун теске салуу функциясын аткаруучу социалдык институт. Массалык ишмердикти жөнгө салуучу башка формалардан (укук, өндүрүштүк-административдик тартип эрежелерден, мамлекеттик декреттерден, элдик салттардан жана башка) мораль негизделиши, өзүнүн талаптарын ишке ашыруу жолу менен айырмаланат.

Моралда коомдук зарылчылык, керектөө талабы коом менен топтордун кызыкчылыгы стихиялуу түрдө калыптанып, жалпыга таанылган буйруктар жана баалар, массанын адаттары, каадалары, коомдук пикирлеринин үлгүсүндө чыңдоо түрүндө туюндурулган. Ошондуктан моралдын талабы бүт баарына бирдей, кимдигине карабай эч ким тарабынан мажбурлоосуз милдеттендирген формада болот. Бул талаптар салыштырмалуу туруктуу мүнөзгө ээ. Алар жөнөкөй каададан, зордоп карманган салттан айырмаланат, ошонусу менен адамга кандай жашап, эмне кылуусуна ылайыктыгы жөнүндө түшүнүк түрүндө идеялык негиздөө алат.

Мораль укуктан биринчиден, ар бир адептик талапты аткаруусу бүткүл бары тарабынан тескөөгө алынат, болгондо да ошол эле индивиддин моралдык бедели кээ бир укуктуулук менен байланышсыз; экинчиден, моралдын талаптарын аткаруу рухий таасир көрсөтүү аркылуу гана (коомдук баа берүү, жасаган кылык-жоругун алкоо же айың көрүү) ылгоого алынат. Бул социалдык тескөөнүн башка формаларына салыштырмалуу алганда моралда аң-сезимдин ролу чоң экендиги менен шартталган. Анын үстүнө аң-сезим рационалдуу формада түшүнүк менен пикир түрүндө, ошондой эле эмоционалдуу сезим, ниет жана ыктоо формасында туюндурулушу мүмүкүн. Коомдук аң-сезим сыяктуу эле моралда жекече аң-сезимдин ролу да аз эмес.

Коом тарабынан иштелип чыккан адептик түшүнүктөргө таянуу менен тарбиялануу процессинде өздөштүрүү менен индивид кайсы бир деңгээлде өз алдынча жүрүм-турумун жөнгө салат, айлана тегерегинде болуп өткөндөрдүн моралдык маанисин баалайт, пикир айтат. Андыктан моралда социалдык теске салуунун объектиси гана болбостон, ошондой эле аң-сезимдүү субъект башкача айтканда адеп-ахлактуу инсан иретинде чыгат. Коомдук татаал түзүлүш болуу менен анын мазмуну жагынан алганда жана мотивациясы боюнча мораль, моралдык ишмердикти да тутуна алат. (анда бул же тигил коомдо адамдардын жүрүм-турумунун үлгүсү, адеби адамга карата талаптын, милдеттендирген ар түрдүү формаларды бул ишмердикти ылайыктоочу моралдык карым-катыш (моралдык норма, милдет, жоопкерчилик, уят-сыйыт);

Моралдык аң-сезим, тиешелүү түшүнүктөр түрүндөгү бул мамилелерди чагылдырган Моралдык аң-сезим, нормалар, принциптер коомдук жана моралдык идеалдар, жакшы жана жаман түшүнүктөр, адилеттүү жана адилетсиз. Моралдык аң-сезимдин бул формалары моралдык иш-аракетти белгилүү бир түрдүү жол менен мотивдештирген жана баалоого жол берген логикалык иреттүү системага бириктирилген. Коомдук турмуштун ар түрдүү областарында колдонулганына жараша бирдиктүү негизге ээ болгон моралдын салыштырмалуу гана областын түзгөн өзгөчө эрежелери калыптанат. Кесиптик этика, эмгектин, турмуш-тиричиликтин, үй-бүлөнүн моралы жана башка мораль – тарыхый кубулуш. Коомдун баштапкы калыптануу баскычында пайда болуп, адамзаттын материалдык жана рухий маданиятынын прогрессинде экономикалык жана башка коомдук мамилелердин өзгөрүшүнүн жүрүшүндө алар өнүгөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8