Морган Томас Хант

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Томас Хант Морган.

Морган Томас Хант (Thomas Hunt Morgan, 25. 9. 1866, Кентукки, Лексингтон – 4. 12. 1945, Калифорния, Пасадена) – амер. биолог, генетиканы түзүүчүлөрдүн бири, АКШ Улуттук ИАнын президенти (1927–31), СССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1932). Кентукки (1885) жана Ж. Хопкинс (1891) университеттерин аяктаган. Брин-Мор кыз-келиндер коллежинде (1891–1904), Нью-Йорктогу Колумбия университетинде (1904–28) профессор Пасадендеги Калифорния техникалык институтунун биология лабораториясын жетектеген (1928– 45). Моргандын эмгектери негизинен эксперименттик эмбриологияга, регенерацияга жана жаныбарлардын жынысын аныктоого арналган. Морган жана анын кесиптештери ачкан гендин чиркелиши жана кроссинговердин закон ченемдүүлүгү Мендель законунун цитол. механизмин түшүндүрүп, табигый тандоонун генетикалык теориясын түзүүгө алып келген. Нобел сыйлыгынын лауреаты (1933).

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]