Морган Фриман

Википедия дан

Морган Фриман (англ. Morgan Freeman ;1937-жылы 1-июнда туулган) ― америкалык актёр, продюсер жана диктор.

Фриман 2005-жылы "Миллион долларлык селки" (англ. Million Dollar Baby, 2004) тасмасындагы ролу үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алган. "Көчө баласы" (англ. Street Smart, 1987), "Мисс Дейзинин айдоочусу" (1989), "Шоушенктен качуу" (1994), "Багынбас" (2009) тасмаларындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыгыныны номинацияларына көрсөтүлгөн. Ал "Алтын глобус" сыйлыгына жана АКШ киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгына дагы ээ болгон.

Фриман прокатта хит болгон "Даңк" (1989), "Робин Гуд: Уурурлардын ханзаадасы" (англ. Robin Hood: Prince of Thieves, 1991), "Жети" (1995), "Чексиз уруш" (1998), "Коркунучтун баасы (2002) тасмаларында тартылган.

Ошондой эле "Күч-кубаттуу Брюс" (2003), «Кара рыцарь» үчилтигинде (2005-2012), "Лего Фильм" (2014), жана "Лүси" (2014) тасмаларында дагы роль жараткан. Ал 1970-жылдарта популярдуу болгон "Электр компаниясы " балдар программасына тартылып атагы чыккан. Морган Фримен прокаттагы эң кирешелүү төртүнчү актер катары $4.316 миллиард каржы менен таанылган, ар бир тасма үчүн орточо эсепте $74.4 миллион киреше алып турган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]