Багынбас

Википедия дан

"Багынбас" (англ. Invictus, орус. Непокоренный) - 2009-жылы Клинт Иствуд тарткан америкалык-түштүк африкалык биографиялык спорт драмасы. Тасмага катышкандар Морган Фриман жана Мэтт Дэймон. Тасманын окуясы Жон Карлиндин Түштүк Африкада 1995-жылы өткөрүлгөн Регби дүйнөлүк чемпионатынан мурун жана ошол убактагы расалык бөлүнүүгө бөгөт койгон окуялар жөнүндөгү "Playing the Enemy: Nelson Mandela and the Game That Made a Nation" аттуу китебине негизделген. Фриман жана Дэймон Түштүк Африканын президенти Нелсон Манделаны жана Түштүк Африканын регби командасынын башчысы Франсуа Пиенаарды ойношкон.

Тасма АКШда 2009-жылы 11-декабрда жарыкка чыккан. Тасманын аталышы римдик ыйык "Invictus" эпитетинен келип чыккан жана латын тилинен "жеңилбес, багынбас" деп которулат. Ошондой эле британиялык акын Уиллиам Эрнест Хенлинин (1849-1903) "Invictus" аттуу поэмасы да бар. Тасма мактоого арзыган жана Оскардын "Эң мыкты актер" (Фриман) жана "Эң мыкты экинчи пландагы актер" (Дэймон) наамына көрсөтүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]