Мазмунга өтүү

Кара рыцарь

Википедия — ачык энциклопедия
Кара шери
РежиссеруКристофер Нолан
ПродюсерЭмма Томас
Чарлс Ровен
Кристофер Нолан
СценарийиJonathan Nolan
Кристофер Нолан
ОператоруУолли Пфистер
НегизиндеКомикстен чыккан каарман
автору: DC Comics
ТартылгандарКристиан Бэйл
Майкл Кейн
Хит Лежер
Гэри Олдмэн
Аарон Экхарт
Мэгги Жилленхол
Морган Фриман
МузыкасыХанс Зиммер
Жэймс Нүтон Ховард
РедакторуЛи Смит
ЖайылтуучуWarner Bros. Pictures
Чыккан жылы
  • июль 14, 2008 (2008-07-14) (Нү-Йорк)
  • июль 18, 2008 (2008-07-18) (АКШ)
  • июль 25, 2008 (2008-07-25) (Британия)
Узактыгы152 мүн.[1]
Өлкөсү Улуу Британия[2]
 АКШ[2]
ТилиАнглис
Бюджети$185 млн.[3]
Киреше$1.005 млрд.[3]

"Кара шери" (англ. The Dark Knight, орус. Тёмный рыцарь) — 2008-жылы тартылган супер баатыр тасмасы. Режиссеру, продюсери жана сценарийин биргелешип жазган Кристофер Нолан. "DC Comics" каарманы Бэтмэнди сүрөттөгөн тасма Ноландын "Кара рыцарь" үчилтигинин "Бэтмэн баштайт" (2005) тасмасынан кийинки экинчи бөлүгү. Тасмага Кристиан Бейл, Майкл Кейн, Хит Лежер, Гэри Олдман, Аарон Экхарт, Мэгги Жилленхол жана Морган Фриман тартылышкан. Тасмада Брүс Уэйн/Батман (Бэйл), Жеймс Гордон (Олдман) жана Харви Дент (Экхарт) Готэм шаарындагы уюшулган кылмышты жоюу үчүн биримдик түзүшөт. Бирок Бэтмэндин таасирин жок кылып, башаламандык жараткысы келген Жокер (Лежер) аттуу жашыруун лидер тарабынан коркунучка туш болушат.

Киносынчылар 2000-жылдардагы эң мыкты тасмалардын бири жана бардык мезгилдеги эң мыкты супер баатыр тасмаларынын бири деп тапкан жана жылуу пикирге ээ болуу менен көптөгөн рекорддорду жараткан. 287 киносынчы тасманы эң мыкты 10 тасманын ичине киргизишкен, ал эми 77 киносынчы 2008-жылдын эң мыкты тасмасы деп атаган. Тасма Оскардын 8 сыйлыгынын наамына талапкерлиги коюлган жана "Эң мыкты үн монтажы" сыйлыгын уткан. Лежер каза тапкан соң "Эң мыкты экинчи пландагы актер" сыйлыгы ыйгарылган.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Кара рыцарь. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 13 -декабрь (бештин айы) 2014.
  2. 1 2 Кара рыцарь (2008). British Film Institute. Текшерилген күнү 16 -июнь (кулжа) 2014. Түп булактан архивделген күнү 27 -октябрь (тогуздун айы) 2014.
  3. 1 2 Кара рыцарь (2008). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 19 -март (жалган куран) 2009.