Морис Равель

Википедия дан
slender
Ravel (1925)

Равель Морис Жозеф (07.03.1875, Сибур – 28.12.1937, Париж) – француз композитору, пианист, дирижёр. Оксфорд университетинин музыка боюнча ардактуу доктору (1929). Париж консерваториясын бүткөн (1900). Г. Фореден композиция боюнча таалим алган. Ал «Инфантанын өлүмүнө павана» деген фортепьяно үчүн жазылган чыгармасы менен белгилүү болгон. Равелдин фортепьяно үчүн жазылган «Суунун кубулушу» (1901), «Чагылуу» (1905), «Түн жышаандары» (1908) ж. б. чыгармаларында импрессионизм принциптери байкалат. Равелди испан музыкасы, эски жана жаңы бийлер, жаз ыргактары кызыктырган. «Испан бир сааты» (1907); «Бала жана сыйкырчылык» (1925) операларында, «Дафнис менен Хлоя» балетинде (1912); оркестр үчүн «Вальс» (1920); «Болеро» (1928), «Испан рапсодиясы» (1935) ж. б. чыгармаларында испан обондорун пайдаланган. «Куперен күмбөзү» сюитасын (1917) өзү катышкан 1-дүйнөлүк согушта курман болгон жолдошторуна арнаган. «Цыганка» (скрипка менен фортепьяно үчүн рапсодия) ж. б. пьесалары ж. б. бар. М. П. Мусоргскийдин «Көргөзмөдөгү сүрөттөрүн» оркестрлештирген. Дирижёр катары көп өлкөлөрдө гастролдо болгон. 1970-жылы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Равелдин «Болеросу» коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]