Москва көтөрүлүшү (1648)

Википедия дан

Москва көтөрүлүшү (1648), «Туз козголоңу» — Москванын чет жакасында жашаган орто жана жарды катмарлардын, Москванын өзүндө турган кол өнөрчүлөрдүн, стрелецтердин жана ак сарай кызматкерлеринин ири кыймылы.


Б. И. Морозовдун жана анын тарапкерлеринин талоончул саясат жүргүзгөнүнө нааразычылыктан келип чыккан. Казынасын байытуу үчүн өкмөт түрдүү салыктардын ордуна түз ала башта­ган, натыйжада туз кымбаттап кеткен. 1-июнда Алексей Михайловичке даттанып келгендерди падыша нөкөрлөрү кууп тараткан, ошол учурда чыккан кагылыш шаарды бүлүндүргөн ири көтөрүлүшкө айланган. Элдин талабы боюнча полиция башчысы А. С. Плещеев падыша тарабынан өлтүрүлгөн. 12-июнда падыша стрелецтерге эки эсе көп акчалай акы берүү менен козголоңчулардын ыркын кетирген.

Акырында Москва көтөрүлүшү аёосуз басылган. Москва көтөрүлүшү И. И. Болотников жана С. Т. Разин жетектеген дыйкан согуштары аралыгында Россиядагы тан күрөшүнүн өнүгүшүндөгү маанилүү этап болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.