Муздагы салгылаш

Википедия дан

Муздагы салгылаш - тоң Чуд көлүндө 1242-ж. 5-апрелде орус аскерлерн менен немец рыцарларынын ортосунда болгон.

Монгол жапырыгынан тукулжураган орус жерине 124042-ж. тышкы душмандар кайра-кайра кол сала баштаган. Шведдердин жапырыгы 1240-ж. Невада ойронго учураган. Бирок Ливон орденинин кресттүүлөрү 1240-ж. Изборск менен Псковду, Копорье монастырын каратып, 1242-ж. Улуу Новгород, Ка­релия жана Нева боюн басып алмак болгон. Веченин өтүнүчү боюнча Новгородго келген Александр Невский ас­кер курап, 1241-ж. Тевтон рыцарларын талкалап, Копорье монастыры менен Псковду бошоткон. 1242-ж. немец рыцарлары Новгород жерине кол салган. А. Невский орус аскерин Чуд көлүнүн түш.-чыгыш жээгине жайгаштырган.

Душмандын аскери орус полкун жирен кирип, алардын алдыңкы отрядын талкалаган. Невский душманга капталынан, тылдан сокку урган. Орус аскери душманды талка­лап, жеңишке ээ болгон. 400дөй рыцар өлүп, 50сү туткунга алынган. Калганы качып, жарылган музга чөгүп кеткен. 1243-ж. Новгород менен Тевтон ордени тынчтык келишим түзүп, немецтер басып алган орус жерлери кайра колго тийген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.