Муз— суунун катуу абалы

Википедия дан

Муз — суунун катуу абалы

Аморфтук жана кристаллдык (10 түрдүү) бөлүп бөлүнөт. Жаратылышта материк, калкыма, жер астындагы жана башка, ошондой эле кар, кыроодон пайда болгон Муздар белгилүү. Жаратылыш Музу суудан таза, кээде мех. кошундулар (ка­туу нерселер, эринди тамчылар, газ калдыктары ж. б.) кездешет. Жердеги муздун жалпы запасы 30 млн км3. Алардын көбү уюддук аймактарда (Антарктидада Муздун калыңд. 4 кмте жетет) жайгашкан. Муз өсүмдүк менен жаныбарларга, адамдын тиричилигине таасирин тийгизет. Жаратылыш Музу биол., мед. дары-дармекти, азык- түлүктү тоңдуруп сактоо үчүн колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.